Депутаттар чет жактагы мекендештер менен миграция маселелерин талкуулашты
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Курманалиеванын жана «Кыргызстан Аялдар Альянсы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Дамира Оморованын демилгеси менен Россия Федерациясында эмгектенип, жашап жүргөн мекендештер менен жолугушуу өткөрүлдү. 

Жолугушууга эл өкүлдөрү Гульнара Акимбаева, Айгуль Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.
Анда негизинен чет жактагы мекендештердин көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жана миграция саясатындагы өзгөрүүлөр талкууланды. 

Депутат Жылдыз Курманалиева мындай жолугушуулар кыргыз жарандары кабылган маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгып, натыйжалуу чечимдерди табууга өбөлгө түзөрүн билдирди.