Депутаттар прокуратура кызматкерлерине Ардак грамота тапшырды
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Акимбаева, Жылдыз Курманалиева жана Бекмырза Чолпонбай уулу прокуратура органдарынын кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү кызматкерлерди 22-ноябрь – Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана кызматтык милдеттерин татыктуу аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.
Депутаттар прокуратура органдары мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылууда, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо маанилүү роль ойной турганын белгилешти.
Жолугушуунун соңунда сыйлык ээлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жооптуу кызматындагы ийгиликтер кааланды.