Дилимди койдум диниме – аруулукка үндөгөн

11-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Кайрымдуу бол, кыргызым!

Өмүр ымыркай кезден башталат, ай да акырындап толот, дарыя, суулар аздап чыккан агымдан кеңейип, тереңдеп узарат. Бак-дарактар тамыры жерге тартылып, азык алып жетилгенде гана бүчүр байлап, гүл ачып жемишин берет. Ар бир инсандын тагдыр жолу чыйырдан башталаары айныксыз чындык. Буга мындан 22 жыл мурда (1999-жылы) Фронтбек кызы Жамалдын демилгеси менен түптөлгөн – “Мутакалим” прогрессивдүү коомдук бирикмесинин басып өткөн жолу толук күбө.

“Мутакалим” араб тилинен которгондо “таза, ыймандуу, чечен сүйлөө” дегенди билдирет. Коомдун негизги максаты – элди ыйык куранда айтылган аруулукка, ыйман-адептүүлүккө, мээримдүүлүккө, кайрымдуулукка, кечиримдүүлүккөүндөө, ислам динин түшүндүрүү болуп саналат. Бул багытта  жергебиздин түштүк-түндүк аймактарында:

*          “Коомдогу аялдардын орду”

*          “Ак элечек тоолуу эне”

*          “Орозо жана аял”

*          “Исламда аялдардын орду”

*          “Курбан айт жана аял”

*          “Бейиш – энелердин таман алдында”

*          “Куттуу жумалык”

*          “Орозо – бейиштин ачкычы”

*          “Мусулман жашоосундагы сүннөт”

*          “Улуу ажылыкка сапар” аттуу ар түрдүү тармактарды камтыган илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду бул маселелерди мыкты билген аалымдардын, окумуштуулардын, ошондой эле  элчиликтердин өкүлдөрүнүн  катышуусунда өткөрүп келет. Ал эми бул коомдун өткөргөн иш-чараларына катышууну каалагандардын саны да күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул эл (аялдар) арасында ислам дининин тазалыгын, түбөлүктүү дин экендигин даңазалап, дин жолуна багыт берген “Мутакалим” аялдар диний коомунун иш-аракеттеринин жемиши десек жаңылышпайбыз.

Мында коомдун төрайымы Фронтбек кызы Жамалдын эмгеги опол-тоодой десек аша чапкандык болбойт. Бүгүнкү күндөөлкөнүн 7 облусунда, анын ичинде район, шаарларда коомдун филиалдары ачылып, аларда  жүздөгөн уул-кыздар диний сабактарды талапка ылайык үйрөнүүдө. Мындан тышкары, мусулмандардын күнөөлөрүнөн арылуусу  боюнча “Бараат”, Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу “Мавлюд” , “эң улук түндөрдүн бири “Кадыр түн” кечин жыл сайын өткөрүүнү салтка айлантышкан.

2001-жылдан бери “Мутакалим” аялдар прогрессивдүү  коомдук бирикмеси  Калкты жайгаштыруу фондусу менен биргеликте бүгүнкү күндөөтө актуалдуу болгон  “Исламдагы үй-бүлө”,  “Аялдар арасындагы зордук-зомбулук” маселелеринин алкагында эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, элди ыймандуулукка, боорукер-мээримдүүлүккөүндөшүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай – 2001-жылы “Мутакалим” аялдар прогрессивдүү коому  Калкты жайгаштыруу фондусунун колдоосу менен Ош шаарында ислам аалымдары үчүн чоң масштабдагы тегерек стол өткөрүшкөн.

“Мутакалим” коомунун өзгөчө белгилеп кетүүчү багыттарынын бири – жетим балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелерине жардам берүү. Бул максатта “Мутакалим” аялдар прогрессивдүү коому Кувейт мамлекетинин “Аль Амаль”, “Исар”  кайрымдуулук фонддорунун колдоолору менен жыл сайын рамазан айында эки жүзгө жакын жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон 150дөн ашык үй-бүлөгө кийим-кече, азык-түлүктөн жардам көрсөтүшөт. Бүгүнкү күндө жардам алган балдар-кыздардын саны 1000ге жетти. Ал эми Чүй, Нарын облустарындагылар үчүн балдарга, кыздарга, алардын энелерине жайкы эс алуу лагерлерин уюштуруп беришет.

Өлкөдө алгачкы жоолук салынган кыздардын мектепке келишинде алардын укуктары тебеленип, аларга башка окуучулар тарабынан басмырлоо болуп жаткандыгы белгилүү. Бул көйгөйлүү маселени коом КРнын Акыйкатчысы, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте чечүүгө жана паспортко да жоолук менен сүрөткө түшүүгө жетише алган. Бул маселенин алкагында аталган коом ЖКнын депутаттары, мектеп директорлору, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Жоолук – окууга жана иштөөгө тоскоол эмес” деген аталыштагы тегерек стол уюштурушкан.

Мындан тышкары, “Мутакалим” аялдар прогрессивдүү коому “Канада” эл аралык уюму менен биргеликте “Өзүбүздүн укуктарыбызды жана мусулмандардын укуктарын коргогонго көмөктөшөбүз” деген аталышта тренингди, кызамыкка каршы эмдөө боюнча “Орто Азия форумун” жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын демократиялык комиссиясынын колдоосу менен “Айымдар зордук-зомбулукка, экстремизмге каршы” иш-чараларын, өлкөдөгү шайлоо боюнча “Аялдар – шайлоочулар жана кандидаттар катары” деген долбоордун алкагында 200дөн ашык аялдар катышкан кеңири тегерек стол өткөрүшкөн.

Коом абакта жаткан аялдарды да эстен чыгарышкан эмес. Алгач “Мутакалим” коому Степное айылындагы №2 абактагы аялдардын арасында адеп, ыйман, мээримдүүлүк, шарият, куран сабактары боюнча Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу мамлекеттик  кызматы, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери менен сабактын программасын макулдашууга жетишкен.

Натыйжада, аталган абактагы аялдар үчүн атайын окуу борборунун имараты курулуп, анда коом сунуштаган программанын алкагында окутуу башталган. Кийинки кезде бул борбордон окууну каалагандардын саны көбөйгөндүн үстүндө. Дүйнөнү каптаган адам өлүмү менен коштолгон пандемия башталганда эле “Мутакалим” коому өлкөдөгү бир катар кайрымдуулук фонддору менен биргеликте – көмүр, азык-түлүк, кийим-кече топтошкон жана өздөрү чогулткан акча каражатына кислороддук 2 даана аппаратты улуттук госпиталга, “Беткап менен вируска каршы тур!” акциясынын алкагында КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына 15 000, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 85 000 даана бет кап жана антисептик каражаттарын сатып беришкен.

Дилдерин  ыйманга, аруулукка, боорукер, мээримдүүлүккө койгон “Мутакалим” аялдар прогрессивдүү  коому уюшулгандан берки  22 жыл аралыгында жүргүзүп келген өлкө аймагындагы айымдарды исламдагы аруулукка, мээримдүүлүккө, боорукер  кайрымдуулукка үндөгөндөн башка, конкреттүү, даректүү жардамдарынын бир азын гана айттым. Сөзүмдүн аягында аруулукту, мээримдүүлүктү туу  туткан Фронтбек кызы Жамал жетектеген “Мутакалим” прогрессивдүү коомдук бирикмеси өзгөчө аялдардын укугун коргоо жана мусулман аялдарынын келечегине кам көрүү жаатында аларды терс жолдон сактап, акыл-сезимдерин, ички дүйнөлөрүн тазартуу жана ыймандуулук жолуна түшүрүү жаатында өтө чоң, 22 жылдык байымдуу, бадырайган изи бар бирден-бир коом экендигин баса белгилеп, мындан ары да кутман энелердин ак батасын алып, аруулукка, ыймандуулукка үндөй бер демекчимин.

Бактыбек Имамадиев

11-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X