Дин иштери боюнча улуттук агенттикте кадрдык өзгөрүү

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 202

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Мидин уулу Канатбек ээлеген кызматынан бошотулду.

Маалыматка ылайык, чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 43-беренесинин негизинде кабыл алынган.

Тескемеге ылайык, Мидин уулу Канатбек 2026-жылдын 14-майынан тартып өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X