Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгы белгиленди

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 253

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чара Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, ага мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, дин өкүлдөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү катышты.

Конференцияда Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун куттуктоосу окулуп, агенттиктин конфессиялар аралык тынчтыкты жана коомдук биримдикти чыңдоодогу ролу белгиленди.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик сыйлыктар жана Министрлер кабинетинин сыйлыктары тапшырылып, дин жана этностор аралык диалогду өнүктүрүүгө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X