Диний сабаттуулук – коом тынчтыгына өбөлгө

18-август, 2026-ж. / Редакция / Дин 299

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн  туруктуу экономикалык өсүшү камсыздалып, коомдун бардык тармагында өзгөрүүлөр болушу керектигин, аны менен катар Мамлекет башчысы   дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу жана светтик принципти бекемдөө иштерин тереңдетүү  четте калбашын белгилеп келет.

Калктын укуктук жана диний сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдук аң-сезимге жана туруктуулукка терс таасирин тийгизүүчү тобокелдиктерди жараткан айрым диний агымдардын, салттуу жана жарандык баалуулуктардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу башкы максаттардан.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча  тиешелүү иштер аткарылууда.

Алсак, мамлекеттик кызматкерлер, диний уюмдар жана калк арасында мамлекеттин светтик принциптерин бекемдөө, диний чөйрөдө укуктук жана сабаттуулукту жогорулатуу багытында маалыматтык түшүндүрүү жана окутуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Мурдараак, өлкөдөгү диний уюмдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо,  диний мамлекеттик саясатты колдоого багытталган кеңеш түзүлгөн. Бул кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин демилгеси менен түзүлүп, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо натыйжалуу аянтчага айланды. Бүгүнкү күндө Конфессиялар аралык кеңештин курамына өлкөдөгү диний конфессияларды камтыган 17 диний уюмдун өкүлдөрү кирет. Кеңеш  диний чөйрөдөгү кызматташууну кеңейтүү, конфессиялар ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүзөгө ашырууда. Кеңештин алкагында көтөрүлгөн сунуштар жана демилгелер мамлекеттик саясатты өркүндөтүүдө эске алынып, дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда пайдаланылып келет. Мунун натыйжасында диний чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруу механизмдери өркүндөтүлүп, коомдогу диний ар түрдүүлүктү жөнгө салуунун натыйжалуу жолдору иштелип чыгууда. Кыргыз Республикасынын дин саясатындагы мындай ийгиликтүү механизмдер мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы өз ара ишенимди чыңдап, конфессиялар аралык тынчтыкты бекемдөөгө бекем негиз түзүүдө. Конфессиялар аралык кеңеш мындан ары да өлкөдөгү тынчтыкты, ынтымакты жана руханий биримдикти сактоодо маанилүү ролун уланта бермекчи. Дин адистери диний сабаттуулук – коом тынчтыгына өбөлгө экенин ар дайым баса белгилеп келишет.

Мээрим Бактыбек кызы

18-август, 2026-ж. / Редакция / Дин 299
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X