Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат катчысынын билдиргенине караганда Жалал-Абад, Ош облустарында 5-6-апрелде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаевдин катышуусунда “2021-2026 жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” долбооруна карата иштелип чыккан Иш-аракеттер планы боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Жыйынга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Концепциянын максаты — мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Ушул эле иш-чара 8-апрелден тартып өлкөнүн башка облустарында өткөрүлөт.
too.kg/?attachment_id=5979″ class=»wp-image-5979″/>
too.kg/?attachment_id=5980″ class=»wp-image-5980″/>
too.kg/?attachment_id=5981″ class=»wp-image-5981″/>
too.kg/?attachment_id=5982″ class=»wp-image-5982″/>