Диний-экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

Баткенде интернет аркылуу диний-экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 27 жаштагы А.У. аттуу жаран социалдык тармакта «Өзбекстан ислам кыймылынын» экстремисттик террористтик уюмунун материалдарын таратып жүргөндүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган жана ага карата экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу беренеси менен иш козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X