Дизайнер Альбер Эльбаз коронавирустан каза тапты

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 13

Франциялык модалуу кийимдердин дизайнери Альбер Эльбаз 59 жаш курагында коронавирустан каза тапты деп билдирди маркумдун ишкер өнөктөшү Йохан Рупертке шилтеме жасаган Би-Би-Си.

Эльбаз Парижде каза тапты. Ага чейин ал бир нече күн комада жатты деп жазды израилдик Haaretz гезити.

Эльбаз Мароккодо туулуп, Израилде чоңойгон, ал жактан Нью-Йоркко көчүп барып, модельер ДжеффиБин менен кызматташуусун баштаган.

1996-жылы Эльбаз Парижге келип Guy Laroche мода үйүнүн креативдик директору болуп иштей баштаган. 2016-жылы Франциянын бийликтери аны Ардак легион Ордени менен сыйлаган.

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X