Догдүркүл Кендирбаева №69 кесиптик лицейдин иши менен таанышты

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейге барды.

Министр окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу маселелерин талкуулады.

Мындан тышкары, Кендирбаева лицейдин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун алкагында ашканада жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрдү.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X