Догдуркүл Кендирбаева: «12 жылдык билим берүүдө жаш өзгөрбөйт, мазмун өзгөрөт»

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 204

Баткен шаарында өткөн ата-энелер форумунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасына байланыштуу негизги багыттар тууралуу маалымат берди.

Министрдин айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө окуучулардын жаш курагы өзгөрүүсүз калат, ал эми негизги өзгөрүү билим берүүнүн мазмунунда болот. Ал бул кадам балдарды заманбап дүйнөнүн талаптарына ылайык даярдоого багытталганын белгиледи.

«Биздин максат — балдарды келечектин чакырыктарына даярдоо. Жаңы системада негизги басым жаттоого эмес, түшүнүүгө жана талдоого жасалат», — деди ал.

Ошондой эле жаңы окуу китептери окуучулардын өз алдынча изденүүсүн, маалыматты талдоосун жана чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталгандыгы айтылды. Министр бул багыттагы ураан «окуу, изденүү жана үйрөнүү» экенин кошумчалады.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү да өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди. Бул максатта Баткен аймагында мугалимдердин кесиптик өнүгүү борборун түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, министр мамлекет тарабынан билим берүү тармагына колдоо күчөтүлүп жатканын белгилеп, мектеп, мугалим жана ата-эненин биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүнө токтолду.

«Кыргызстандын эң чоң байлыгы — анын балдары. Билим сапаты жогорулаган сайын мугалимге болгон талап да өсөт», — деди ал.

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 204
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X