Догдуркүл Кендирбаева: Акыркы коңгуроо — жаңы турмушка жол ачкан күн
Бүгүн, 29-майда, өлкөнүн бардык мектептеринде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде уюштурулган иш-чарага катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Министр өз сөзүндө бул күн бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мугалимдер үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
«Мектеп силерге билим берип, чоң турмушка жол ачты. Бүгүн угулган акыркы коңгуроо жаңы турмуштун башталышы болуп саналат. Он бир жыл бою алган билимиңерди туура пайдаланып, турмуштун кыйынчылыктарына сынбай, туура жолду тандап, эң ийгиликтүү инсандардан болоруңарга ишенем», — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Ошондой эле министр мектеп-лицейдин тарыхый ордуна токтолуп, бул билим берүү мекемесинен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон көптөгөн белгилүү инсандар чыкканын айтты.
«Силер жөн гана бүтүрүүчүлөр эмес, кылымдык тарыхы бар мектептин бүтүрүүчүлөрүсүңөр. Бул окуу жайдан өлкөнүн алгачкы интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер билим алышкан. Ошондуктан силерге болгон ишеним чоң», — деп белгиледи министр.
Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр «Классташым» ырын аткарып, акыркы вальс бийлешти. Иш-чара акыркы коңгуроонун кагылышы менен жыйынтыкталды.