Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алып, бир катар тапшырмаларды берди

27-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 223

Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды жеке кабыл алды.

Коомдук кабылдама аркылуу алдын ала жазылган жарандар министрге түз кайрылып, өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча жооп алышты.Возможно, это изображение учеба и текст

Кабыл алууда жалпысынан 15 маселе көтөрүлдү. Министр ар бир кайрылууну угуп, тиешелүү багыттар боюнча министрликтин башкармалыктарынын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Айрым маселелер кабыл алуу учурунда эле жеринде чечилсе, кошумча кароону талап кылган кайрылуулар боюнча атайын комиссиялар түзүлүп, тиешелүү иштерди жүргүзүү чечими кабыл алынды.Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся

Жарандар министрдин жана министрдин орун басарларынын жеке кабыл алуусуна +996 (312) 62-05-19 телефону аркылуу алдын ала жазыла алышат.

27-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 223
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X