Документтерди жасалмалоого шектелгендер кармалды
Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кызматтык шалаакылык жана документтерди жасалмалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызмат тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 3-бөлүгү (башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында борбор калаанын Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн атайын коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан үч бөлүмдүн кызматкери — кенже лейтенант А.у.К., милициянын лейтенанты К.А.Т. жана милициянын капитаны К.М.К. — шалаакылык жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча кармалган.
Учурда алар УКМКнын тергөө камагына кармалды.