“Дөөлөт курулуштун” Бишкек жана Шопоковдогу турак жай комплекстеринде курулуш иштери жанданды

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн, 1-октябрда, Бишкектеги “Кудайберген” жана Шопоков шаарчасындагы “Шопоков Эко Сити” турак жай комплекстериндеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

“Дөөлөт курулуш” компаниясына караштуу “Кудайберген” комплексинде учурда 100гө жакын куруучу иштеп жатат. Министр объектти кыдырып, курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ар бир блок бекитилген башкы план жана графикке ылайык курулушун улантуусу керектигин белгиледи.

Ал эми “Шопоков Эко Сити” комплексинде 150гө жакын жумушчу эмгектенүүдө. Курулуштун көлөмүнө жараша жумушчулардын саны дагы көбөйтүлөт. Орунтаев иштерди белгиленген мөөнөттө, сапаттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.Возможно, это изображение один или несколько человек и шляпа

Ошондой эле министр каржылоо маселеси үлүш ээлеринин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилерин билдирди.

Анын айтымында, объектилерди сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү инвестордун Кыргызстандагы курулуш рыногундагы ишмердүүлүгүн улантуусунун негизги шарттарынын бири.

Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилериндеги курулуш иштерин жандандыруу 2026-жылдын февраль айында башталган. Анын алкагында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, мамлекеттик реестрге катталган.

Учурда негизги күч объектилердеги курулушту толук бүткөрүп, бир нече жылдан бери батирин күтүп жаткан үлүш ээлерине турак жайларын өткөрүп берүүгө багытталууда.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X