«Дордой» базарынын аймагындагы жолдор заманбап талаптарга ылайык жаңыланат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Дордой» базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын жаңылоо долбоорунун экинчи этабынын алкагында Элебесов көчөсүндөгү алдыдагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор боюнча узундугу 1,5 чакырым болгон көчө толугу менен реконструкцияланып, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун жалпы туурасы 20 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарапка тротуар салынып, ирригациялык тармак орнотулат.
Курулуш иштерин жүргүзүүчү подряддык уюм катары АБК Голд компаниясы аныкталган.
Мындан тышкары, ушул эле долбоордун алкагында узундугу 800 метр жана туурасы 20 метр болгон Безымянная көчөсүн Түндүк айланма жол тарапка чейин реконструкциялоо пландалууда.
Шаар башчысы курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышын жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын камсыздоону тапшырды. Ал бардык иштер жаңы окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бул шаар тургундарына, окуучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына жарала турган ыңгайсыздыктарды азайтарын айтты.
Ошондой эле тиешелүү шаардык кызматтарга көчөнү кеңейтүү жана реконструкциялоо иштерине байланыштуу объект ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аларга тиешелүү эскертмелерди өз убагында тапшыруу милдети жүктөлдү.