Дордойдо 570 окуучуга ылайыкташкан мектеп курулушу уланууда

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын Дордой конушунда 570 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулуш иштери жүрүүдө.

Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын экинчи кабатынын колонналары орнотулуп, курулуш иштери активдүү фазада уланууда.

Мектептин жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт. Долбоордо окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүү каралган.

Курулуш иштери Курулуш министри Нурдан Орунтаевдун жеке көзөмөлүндө болуп, объектте жумуш эки нөөмөт менен жүргүзүлүүдө.

Бул мектеп Дордой конушундагы окуу жайлардын жетишсиздигин жоюуга жана аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X