Досматов: Жумушта зомбулук болбошу керек
Бишкек шаарында эмгекти коргоо жана жумуш орундарындагы зомбулук менен басмырлоонун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү. Иш-чара Эмгекти коргоонун дүйнөлүк күнү карата уюштурулду.
Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К. Досматов сөз сүйлөп, жумуш ордунда коопсуз жана татыктуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, ар бир кызматкер өзүн коопсуз жана сыйлуу сезүүгө тийиш.
«Жумушта зомбулук болбошу керек. Бул коомдун жана экономиканын өнүгүшү үчүн да маанилүү», — деди ал.
Ошондой эле Досматов кызматкерлердин укуктарын коргоо үчүн мамлекет, иш берүүчүлөр жана кызматкерлердин өз ара тыгыз кызматташуусу зарыл экенин кошумчалады.
Тегерек столдун алкагында жумуштагы зомбулук жана басмырлоо учурларын алдын алуу жана кароо боюнча жаңы убактылуу нускама тааныштырылды.
Катышуучулар эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү, аларды туура колдонуу жана кызматкерлерди коргоону күчөтүү маселелерин талкуулашты.