Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында AI-чат иштей баштады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу маалыматты эми жасалма интеллекттен түз алууга болот. Оюндардын расмий сайтына кыргыз, орус жана англис тилдеринде суроолорго жооп берген AI-чат кошулду.
Жаңы мүмкүнчүлүк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы менен кыргызстандык AIRUN AI компаниясынын өнөктөштүгүнүн алкагында ишке кирди.
AI-чат аркылуу мелдештердин өтүүчү жери жана убактысы, билеттердин баасы жана сатылышы, белгилүү бир күндөгү иш-чаралар, оюндардын программасы жана керектүү аянтчаларга жетүү жолдору тууралуу маалымат алууга болот.
Чатты колдонуу үчүн оюндардын расмий сайтындагы төмөнкү оң бурчта жайгашкан AI-чатты ачып, суроону каалаган тилде жазуу жетиштүү.
Өнөктөштүк муну менен эле чектелбейт. AIRUN командасы оюндар үчүн санариптик AI-аватарды жана кыргыз тилиндеги эмоционалдык AI-үндөө технологиясын да иштеп жатат.
AIRUN компаниясынын башкы директору Чыңгыз Арзиев бул долбоор Кыргызстанда заманбап AI-технологияларды түзүүгө жана аларды ири эл аралык иш-чараларда колдонууга мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөрүн белгиледи.
Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденовдун айтымында, ата мекендик компаниялар менен кызматташуу оюндардын коноктору үчүн ыңгайлуулукту арттырып, Кыргызстандын технологиялык потенциалын дүйнөгө таанытууга жол ачат.