Дүйнөлүк банк жана SECO өкүлдөрү менен инвестициялык саясат талкууланды

12-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 139

Кыргыз Республикасынын эл аралык каржы институттары менен кызматташуусун кеңейтүү алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Дүйнөлүк банк тобунун жана Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга World Bank Group өкүлдөрү жана Swiss State Secretariat for Economic Affairs (SECO) Жеке секторду өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Ирен Фрай катышты.

Тараптар жолугушууда Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатындагы учурдагы багыттар, инвестициялык климатты жакшыртуу жана өлкөнүн ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуулугун арттыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле 2026–2030-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралып, анын негизги артыкчылыктары, ишке ашыруу багыттары жана инвестиция тартуунун натыйжалуу механизмдери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык потенциалды илгерилетүү, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү. Мындан тышкары, Улуттук агенттиктин кызматкерлерине багытталган тренингдерди уюштуруу, ошондой эле инвестициялык чөйрөдөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган техникалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуулар талкууланды.

12-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X