Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери коопсуздук маселелерин талкуулады
Бүгүн, 1-октябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин ички иштер органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Жыйынга Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков да катышты.
Жолугушууда КМШ аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелери талкууланды.
Катышуучулар трансулуттук жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана чек ара аралык мүнөздөгү башка кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.
Жыйындын күн тартибиндеги маанилүү темалардын бири — киберкылмыштуулуктун өсүшү болду. Заманбап санариптик технологиялардын мыйзамсыз максаттарда колдонулушу жаңы чакырыктарды жаратып жатканы белгиленип, бул багытта маалымат алмашууну тездетүү жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгы айтылды.
Жолугушуунун катышуучулары жаңы коркунучтарга өз убагында чара көрүү үчүн биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүндө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган укук коргоо тармагындагы кызматташуунун башка багыттары боюнча да пикир алмашуу болду.