Адыбек Набиев Нарын облусунун Жумгал районунун акими кызматынан бошотулду 

Адыбек Набиев Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Адыбек Асанович Набиев өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ал Жумгал районунун мамлекеттик администрациясын жетектеп келген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X