Джантаева Тегизгүл Нуржадыевна 50 жаш курагында дүйнөдөн кайтты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында 25 жылга жакын убакыт бухгалтер болуп үзүрлүү эмгектенген Джантаева Тегизгүл Нуржадыевна узакка созулган оорудан улам 50 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Тегизгүл Нуржадыевна 1976-жылдын 6-майында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Советское айылында жарык дүйнөгө келген.
1982-жылы мектеп босогосун аттап, 1992-жылы орто мектепти аяктаган. Андан соң Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайда билим алып, 1999-жылы экономист адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2001-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында баштаган. Бухгалтердик кесипке берилгендиги жана өз ишине болгон жоопкерчилиги менен айырмаланып, бул тармакта 25 жылга жакын үзүрлүү эмгектенди.
Көп жылдык эмгек жолунда Тегизгүл Нуржадыевна кесиптештеринин арасында ишти так билген, жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана кесипкөйлүгү жогору кызматкер катары кадыр-баркка ээ болгон. Ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, ишине берилгендиги менен кесиптештеринин ишенимине жана урматына татыган.
Тегизгүл Нуржадыевна кызматтагы жоопкерчилиги менен гана эмес, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, боорукердиги жана айланасындагы адамдарга болгон жылуу мамилеси менен да өзгөчөлөнгөн. Аны менен бирге иштеген кесиптештери анын жакшы сапаттарын, ак көңүл мүнөзүн жана жаркын маанайын ар дайым жылуу эскеришет.
2023-жылдан тартып бала багуу өргүүсүнө чыгып, өмүрүнүн кийинки мезгилин үй-бүлөсүнө арнаган. Үч кыз, бир уулду тарбиялап, алардын келечегине кам көрүп, мээримдүү эне катары үй-бүлөсүнүн куту болуп келген.
Тегизгүл Нуржадыевна өмүрүндө үй-бүлөсүнө да, кесибине да берилген, адамдык бийик сапаттарды туу туткан инсан катары артында өчпөс из калтырды.
Анын жаркын элеси адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, мээримдүүлүгү, ишине болгон жоопкерчилиги тааныган адамдардын, кесиптештеринин жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
“Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин эмгек жамааты Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевичке карындашы Джантаева Тегизгүл Нуржадыевнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, Эльчибек Нуржадыевичке, анын бир туугандарына жана үй-бүлөсүнө кайрат, сабырдуулук тилейбиз.
Жараткан маркумдун күнөөсүн кечирип, бейиштен орун берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин эмгек жамааты