“Джунда” заводу бензин өндүрүшүн айына 50 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландоодо

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Торобаев Чүй облусундагы модернизацияланган «Джунда» мунай кайра иштетүү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Бакыт Торобаев ишкананын өндүрүш процесси, мунайды кайра иштетүү технологиясы жана чыгарылган продукцияга жүргүзүлүп жаткан лабораториялык текшерүүлөр менен таанышты.

Заводдун жетекчилигине нефтепродукттарды өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасы коюлду. Жакынкы аралыкта ишкана айына 24 миң тонна бензин өндүрүүгө чыгышы керек, ал эми жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 50 миң тоннага жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле «Кыргыз мунай корпорациясы» мамлекеттик ишканасы менен тыгыз кызматташтыкты уюштуруу тапшырылды. Ага ылайык, мамлекеттик компания заводду чийки зат менен камсыздап, ал эми өндүрүлгөн нефтепродукттар Кыргызстандын ички рыногуна толугу менен багытталмакчы.

Бул чаралар өлкөдө мунай продуктыларынын ички өндүрүшүн көбөйтүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X