«Э» менен «Е» талашына чекит коюлду

5-июль, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 252

Акыркы күндөрү кыргыз коомчулугунда эң кызуу талкууланган маселелердин бири кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин өзгөртүү боюнча сунуш болду. Айрыкча кыргыз алфавитиндеги “Э” тамгасын алып салып, анын ордуна “Е” тамгасын колдонуу тууралуу демилге коомдук пикирди экиге бөлүп, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Бир тарап бул сунушту тилди жөнөкөйлөтүүгө багытталган кадам катары кабыл алса, экинчи тарап аны кыргыз тилинин табигый өзгөчөлүгүнө каршы келген демилге катары баалады. Социалдык тармактарда: “Эми эне деген сөздү кантип жазабыз?”, “Эркин, Элмира, Эсен аттары эмне болот?”, “Жер-суу аттары өзгөрүп кетеби?” деген суроолор жаап, айрымдар кооптонсо, башкалары аны тамашага айлантып, тамсилдерди, сатираларды жазып чыгышты. Айрым журналисттер курч публицистикалык макалаларды жарыялашса, кээ бирөөлөр маселени келекеге чейин жеткирди.

Бул долбоорду иштеп чыккан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын эксперттик тобунун төрагасы Сыртбай Мусаев ал сунуштун максаты бир эле тыбышты эки башка тамга менен белгилөөнү жоюу экенин түшүндүрүп, коомчулук сунуштун маңызын туура эмес кабыл алып жатканын белгилеген. Анын айтымында, сөз тыбыш жөнүндө болуп жатат, ал эми тамга ошол тыбыштын шарттуу белгиси гана. Бирок, илимий түшүндүрмөлөр коомчулуктун тынчсыздануусун толук баса алган жок. Тескерисинче, талкуу күн өткөн сайын күчөп, бул маселе коомдук пикирдин борборуна айланды.

Мына ушундай шартта маселеге акыркы жана расмий чекитти Президенттин Администрациясы койду. Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков коомчулукка кайрылып, эң негизги суроого так жооп берди. “Бул сунуш айрым окумуштуулардын жеке демилгеси жана жеке көз карашы. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат”, — деди Орунбеков.

Мындай билдирүү коомдо жаралган түрдүү божомолдорго жана негизсиз маалыматтарга чекит койду окшойт. Башкача айтканда, “Э” тамгасы кыргыз алфавитинен алынбайт.
Чынында эле дүйнө тарыхында жазуу реформалары аз болгон эмес. Түркия 1928-жылы араб арибинен латын графикасына өтүп, чоң өзгөрүүнү башынан өткөргөн. Өзбекстан менен Казакстан дагы акыркы жылдары латын арибине өтүү боюнча мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алышты. Мындай реформалар бир күндө эмес, ондогон жылдарга созулган даярдык, коомдук талкуу жана мамлекеттик саясат аркылуу ишке ашкан. Ал эми Кыргызстанда азыркы учурда мындай мамлекеттик чечим жок экендиги расмий түрдө жарыяланды. Тилди өнүктүрүү ар дайым зарыл. Бирок, тилге байланышкан ар бир кадам коомдун биримдигин чыңдап, түшүнбөстүктү эмес, ишенимди жаратышы керек. Анткени, тил деген эксперимент жүргүзө турган талаа эмес, элдин руханий дөөлөтү.

Элибизде “Жети өлчөп, бир кес” деген жакшы сөз бар. Бул накыл тил маселесине да толук ылайык келет. Себеби, бир тамга өзгөргөндө миңдеген китептер, мыйзамдар, окуу куралдары, архивдик документтер жана миллиондогон адамдардын көнгөн жазуу маданияты тууралуу сөз жүрөт.

Тилди сактоо деген тамганы сактоо гана эмес, улуттун жүзүн, үнүн жана келечегин сактоо деген сөз. Ал эми мамлекеттик маанидеги мындай маселелерде кызуу эмоция эмес, акылмандык менен жоопкерчилик үстөм болушу зарыл.
Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X