ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүк ташуучу унаалар үчүн бирдей эрежелер иштей баштады

18-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 138

2026-жылдын 17-майынан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүк ташуучу унаалар үчүн бирдей эрежелер иштей баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Эми Кыргызстан, Казакстан, Россия жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө фуралардын салмагына, көлөмүнө жана дөңгөлөктөрүнө түшкөн жүккө коюлган талаптар окшош болот.

Буга чейин ар бир өлкөнүн эрежеси ар башка болгондуктан, айдоочулар айрым чек аралардан өтүү үчүн жүктү азайтып же кайра бөлүштүрүүгө аргасыз болушчу. Эми мындай көйгөйлөр азаят.

Жаңы эрежелерге ылайык, жүктү кайра түшүрүп-жүктөөнүн зарылдыгы азаят. Ошондой эле айдоочулар үчүн маршрут пландоо жеңилдеп, айрым уруксат кагаздары талап кылынбай калат. Мунун негизинде ташуу чыгымдары да төмөндөйт.

Адистердин айтымында, жаңы тартип логистиканы жеңилдетип, айрым учурларда чыгымдарды 15 пайызга чейин кыскартууга жардам берет.

Мындан ары кыргызстандык жүк ташуучулар фураларын уруксат берилген чектин ичинде толугураак жүктөп, ЕАЭБ аймагында эркин ташуу жүргүзө алышат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X