ЕАЭБде товар ташууга жаңы көзөмөл киргизилет

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн аймагында товар ташууга жаңы көзөмөл тартиби киргизилерин билдирди. Эми айрым товарлар навгациялык пломба — башкача айтканда, жолдо жүктүн кыймылын спутник аркылуу көзөмөлдөй турган электрондук пломба менен гана ташылат.

Жаңы талап этап-этабы менен киргизилет. Алгач бул тартип алкоголь продукциясына, тамеки жана тамеки буюмдарына, ошондой эле ЕАЭБде атайын чектөө коюлган товарларга колдонулат. Бул товарлар автоунаа же темир жол аркылуу ташылганда сөзсүз пломба коюлушу керек.

Кыргызстандын аймагында автотранспортко пломбалар чек арага жакын эсепке алуу пункттарында, ал эми темир жол менен ташылган жүктөргө вагон жүктөлгөн маалда ири темир жол станцияларында орнотулат. Пломбалар товар алуучунун аймагында же жүк түшүрүлгөн станцияларда алынып салынат.

Ташуучулар жана жүк жөнөтүүчүлөр пломба коюла турган жерге баруудан кеминде 6 саат мурда Салык кызматына алдын ала маалымат берүүгө тийиш. Жөнөтүлгөн маалыматтардын тактыгына катышуучулар өзү жооп берет.

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X