Эбру өнөрү — суу үстүнө тартылган кайталангыс сүрөттөр
Бүгүн, 31-мартта, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде эбру өнөрүнө арналган көргөзмөнүн ачылышы болду. Ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, эбру өнөрүн дүйнө жүзүнө таанытып, жайылткан ЮНЕСКОнун «Адамзаттын жандуу казынасы» наамынын ээси Хикмет Барутчугил жана анын шакирти, кыргыз сүрөтчүсү Мухлиса Имамова катышты. Көргөзмө Эбристан коомдук фонду тарабынан Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Эбру — суу үстүнө сүрөт тартуу дегенди түшүндүрөт. Анын кайталангыстыгы жана бир сүрөттүн экинчисине окшобогондугу бирден-бир өзгөчөлүгү экенин айткан «Эбристан Бишкек Эбру Үйүнүн» негиздөөчүсү Мухлиса Имамова эбру өнөрүндө колдонулган ар бир нерсе колго жасаларын белгилеп өттү.
«Алсак, эбру өнөрүндө колдонулган кыл калем колго жасалып, кармагыч жери роза гүлүнүн сабынан, ал эми кылдары аттын куйругунан жасалат. Боёктор зыянсыз жана алар атайын Түркияда жасалып, бизге алынып келет», — дейт өнөрпоз айым.
Эбру өнөрүн кеңири таанытуу жана кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоо максатында өткөрүлгөн иш-чаранын ардактуу коногу, эбру өнөрүнүн дүйнөгө таанымал устаты Хикмет Барутчугил жана анын шакирти Мухлиса Имамова келген көрүүчүлөргө жандуу түрдө өзгөчө сүрөттөрдүн жаралуу процессин көрсөтүп беришти.

Белгилей кетсек, көргөзмө 31-марттан 3-апрелге чейин уланат.