Эдик Сартпаев, Сокулук районундагы Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы: Бүгүнкү аракеттер – эртеңки ийгиликтердин өбөлгөсү
Сокулук районуна караштуу Кожомкул айыл аймагы борбор калаабыз Бишкек шаарына канаатташ жайгашкандыктан ички миграциянын агымы күчтүү. Аймакта 1 мектеп, 2 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 спорт аянтчасы, 1 спорт зал, 1 маданият үйү жана 1 китепкана калкка кызмат көрсөтүп келет.
Сокулук районундагы Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Өмүрзакович ушул аймактын ардактуу атуулу. Аймакты жетектеп келе жаткандан бери айыл тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, экономикалык жактан өнүгүүгө болгон далалатын жасап келе жатат. Аны менен болгон маегибизде ошол алгылыктуу аракеттер, ийгиликтер туурасында сөз болду. Жетекчи тууралуу маалымат:
Сартпаев Эдик Өмүрзакович эс тартканы эли үчүн эмгек жасап, жашоодо из калтырууга аракети күч инсан. Чүй облусунда туулуп-өсүп, эмгекчилдиги, келечекке болгон аракетчилдиги менен кыска убакытта эле элдин оозуна алынды.
-Учурда Сокулук районундагы Кожомкул айыл өкмөтүн ийгиликтүү жетектеп келе жатат. Бир нече Ардак грамоталардын ээси. 2022-жылы муниципалдык кызматтын отличниги — Эдик Өмүрзакович, алгач сиз жетектеген Кожомкул айыл аймагынын тарых-таржымалына бир аз токтоло кетсеңиз?
— Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Кожомкул айылы 1911-жылы негизделген. Өз кезегинде жалаң орус улутундагы адамдар байыр алып, ушул касиети күчтүү аймактан агарып, көгөрүштү. Тарыхый ар кандай окуяларга байланыштуу 2025-жылга чейин Военно-Антоновка деп аталып келген. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Военно-Антоновка айыл аймагы Кожомкул айыл аймагы деп кайра аталды.
Кожомкул айыл аймагы менен райондун борборуна чейинки аралык 12,4 км, “Манас” эл аралык аэропортунан 29,3 км алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте, темир жол станциясына 6 км аралыкта турат.
Аянты 14 283 га аянтты ээлейт. Жалпы кожолуктардын саны 4623, жеке турак жайлар 4469, анын ичинде 11 көп кабаттуу турак үйдө жайгашкан 379 квартира бар. Кожомкул айыл аймагында “Рассвет” жана “Темир жол” дачалары жайгашкан. “Рассвет” дачасында кожолуктун саны – 53, калктын саны – 159, жалпы аянты – 19 гектар. “Темир жол” боюнча кожолуктун саны – 82, калктын саны – 246, жалпы аянты – 11 гектар жери бар. Кожомкул айыл аймагында, статистикалык маалымат боюнча 23593 адам жашайт, бирок факты жүзүндө жашаган калктын саны 40 000ден ашат. 20га жакын улуттун өкүлдөрү ынтымакты туу тутуп жашап келе жатышат.
Жалпы жолдун узундугу 115,47 км, анын ичинен: республикалык маанидеги жол 9 км., жергиликтүү маанидеги жол 106,47 км. Анын ичинен асфальт-бетон төшөлгөн жол 8,47 км, шагыл төшөлгөн жол 98 км, топурак жол 9 километрди түзөт.
Аймагыбызда жалпысынан 52 ишкана бар, анын ичинен: 5 өнөр жай субъектилери, 10 тамактануу жайы, 4 дарыкана, 3 мончо, 4 мейманкана, 17 соода түйүндөрү, 3АГС, 6 унаа жуучу жайы. Муниципалдык менчиктен 55 объект бар.
— Инвесторлор менен иштөөнүн натыйжасы кандай болууда?
— Аймактын өнүгүшү үчүн инвесторлорду тартуу өтө маанилүү. Алардын колдоосу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн өздүк каржы булагын көбөйтүүгө өбөлгө болууда. Кожомкул айылында жакынкы эле убактарда 70тен ашуун жаңы жумуш орундары ачылды.
Маселен, Лого-парк логистикалык ишканасы тарабынан 2600,0 миң сомго гимназия мектебине кичи футболдук аянтчасы курулуп берилди. Чүй облустук өнүктүрүү фонду тарабынан Воркаут жана Комсомол көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине долбоор тапшырылып, Воркаут балдар ойноочу аянтчасына 2999,9 миң сомго конкурс жарыяланды. Ал каражаттын 899,9 миң сомун фонд каржылайт, ал эми 2099.9 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет.
Сокулук райондук өнүктүрүү фондунан ҮДТ имаратын капиталдык оңдоо иштери аткарылып 2745,6 миң сом жергиликтүү бюджеттен, 1152,8 миң сом фонд тарабынан каржыланып иш толук аткарылды.
Араб фонду аркылуу 4 км аралыкка таза суу түтүктөрү тартылып, ал иш жалпысынан 9006,0 миң сомго бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
— Аймакта өнөр жай тармагы кандай өнүгүүдө?
— Кожомкул айылында жеке ишкер тарабынан уйгур ашканасы, “Фреш” супермаркети, “Эко Бум” кичи муравейник машиналарды сатуучу жай, “Риом” атындагы азык-түлүк дүкөнү, Фрунзе көчөсүндө “Аделина” сулуулук салону ачылып, көптөгөн жумушчу орундар пайда болду.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кожомкул айыл аймагына муниципалдык автотетиктерди сатуу базары жана унаа токтотуучу жай ачуу планы коюлган. 2025-жылдын жыйынтыгы менен эскиздик долбоору даярдалып, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жердин багытын өзгөртүү боюнча иш-чаралары жүргүзүлдү.
— Кожомкул айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды агызуучу түйүндөрдү оңдоо, айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу боюнча кандай иштер жүрүүдө?
— Кожомкул айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, түздөтүлдү. Буга жергиликтүү бюджеттен 3376,0 миң сом бөлүнүп, аталган иш-чара 100% аяктады.
Комсомол көчөсүн кеңейтүү максатында узундугу 1200 метр, туурасы 2 метр асфальт төшөө иш-чаралар жүргүзүлүп 3951,0 миң сомго келишим түзүлүп иш толугу менен аткарылды.
Саркынды сууларды агызуучу трубаларды жана септиктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен 500,0 миң сом бөлүнүп берилди. Жаңы суу насосторун сатып алуу жана оңдоп түзөө иш-чараларына жергиликтүү бюджеттен 1000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жумуштар аягына чыкты.
Аймактын ички көчөлөрүн жарыктандыруу иштери дагы активдүү жүргүзүлүп келе жатат. Кожомкул айылынын ички көчөлөрүнүн жарыктандыруу иштерине 307,0 миң сом жумшалды. Оңдоо иштери жүргүзүлүп, фонарлар жаңыланды. Жаңы конушка 252,0 миң сомго электр жабдыктары алынып берилди.
— Айыл ичинде тазалыкты сактоо аракеттери кандай болууда?
— Айыл аймактын тазалыгын сактоо жана калктын жашоосун жеңилдетүү максатында таштанды ташууга Мамлекеттик лизинг компаниясынан 3 даана техника сатылып алынды. Таштанды ташуу унаасы, жүк ташууга HOWO унаасы, Фронталдык погрузчик техникалары эл үчүн кызмат кылууда. Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 6444,8 миң сом сарпталды.
Айылдын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 335,0 миң сом бөлүнүп, 2 “Желмаян” техникасы сатып алынды.
Айылдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, көзөмөлдөө жабдыктары менен камсыздоо үчүн 8 даана коопсуздук камерасы 947,6 миң сомго орнотулду. Кожомкул айылынын башкы планынын долбоорун жасатуу жана муниципалдык жерлердин документтерин жасоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 3328,9 миң сом сарпталып, жумуштар толугу менен аткарылды.
— Билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
— Аймактагы Гимназия орто мектебин оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 368,5 миң акча каражаты жумшалып жумуштар толук аткарылды. Ошондой эле 265,0 миң сомго керектүү жабдыктар алынып берилди.
ВОССТ жаңы конушунда жаңы мектептин ачылышына жалпысынан 4859,7, миң сом жумшалды. “Гүлзар” бала бакчасынын учурда оңдоп түзөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Анүчүн жалпы суммасы 340,2 миң сом сарпталды. 10 даана видео көзөмөл камералары орнотулду. №20 бала бакчасынын ашканасын оңдоп-түзөө жана жабдыктар менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттен 1181,0 миң сомго келишим түзүлүп, жумуштар толук аткарылды. Ошондой эле 267,0 миң сомго 25 даана видео көзөмөл камералары орнотулду.
Кожомкул айыл аймагына караган №20 бала бакча менен “Гүлзар” бала бакчасына жабдыктар менен камсыздоо үчүн 1013,0 миң сомго электрплита, кир жуучу машина, музыкалык аппарат, компьютер жана принтер алынып берилди. Жалпы суммасы 4 млн 800 миң сомду түздү.
Жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу максатында Кожомкул айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоо үчүн 3 млн 897миң сом 600 сомго келишим түзүлүп, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 2 млн 745 миң 600 сом, райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн 152 миң сом бөлүнүп, жумуш 100% аткарылды. Ошону менен бирге эле имаратка жабдыктар 481,0 миң сомго алынып берилди.
— “Жашыл мурас” жашылдандыруу иштери кандай жүрүүдө?
— 167,0 миң сомго 155 даана көчөт отургузулуп тамчылатып сугаруу системасына 623,0 миң сомго аткарылды жана муниципалдык ишкана аркылуу 10800,0 миң сомго айыл ичин тазалоо, көрктөндүрүү жана таштанды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Айыл ичиндеги бактарды бутоо иш-чараларына жергиликтүү бюджеттен 305,0 миң сом бөлүндү.
Кожомкул айыл өкмөтүнүн айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен 385,0 миң сомго акча каражаты бөлүндү.
— Спорт тармагына кандай көңүл бурулууда?
— Кожомкул айыл аймагында спорт тармагын колдоо максатында 1486,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, иш-чаралар толук аткарылды. Кожомкул айылынын Школьная көчөсүндө балдар ойночу Воркаут зонасы курулду. Анын 899,9 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 1654,4 миң сому Чүй өнүктүрүү фондунан каржыланды. Кожомкул айыл өкмөтүнө караштуу спорт комплексине 514,0 миң сомго жабдыктар алынып берилди. Спорт аянтчасын оңдоп-түзөөгө 2706,0 миң сомго келишим түзүлүп көрүүчү трибунасы курулуп отургучтары жаңыртылды.
Андан башка аймакта социалдык жактан колдоого муктаж жарандарга, жакыр жашаган үй-бүлөөлөргө материалдык жардам берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 2802,9 миң сом бөлүндү. Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Кожомкул айыл аймагындагы эстеликтин абалын жакшыртууга жергиликтүү бюджеттен 207,0 миң сом бөлүнүп, иш 100% аткарылды.
Ошондой эле Кожомкул айыл аймагында 6 социалдык объект жайгашкан. Алардын ичинен Военно-Антоновка мектеп гимназиясы, Т.Касымбеков атындагы орто мектеп, “Гүлзар-2” бала бакчасы, Спорт комплекси, Кожомкул айыл өкмөттүн кеңсеси электр энергиясы менен жылытылат. Ал эми Кожомкул айылынын жалпы билим берүү мектеби, бала бакча №20, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 2 бөлүмү көмүр менен жылытылат.
Кожомкул айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчага айыл өкмөтү тарабынан 180 тонна көмүр алынып берилип, отканаларга киргизилди.
Кожомкул айыл аймагында кызматкерлердин жана калктын арасында электр жана жылуулук энергиясын, сууну жана башка коммуналдык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Айыл аймагына караган негизги жолдордо жана маанилүү социалдык объектилерде жарыктандыруунун оптималдуу иштөө режимин иштеп чыгуу, түнкү кошумча көчөлөрдө көчөлөрдү жарыктандырууну чектөө (саат 01:00дөн 05:00гө чейин) имараттардын декоративдик жана жарнак жарыгын, витриналарды жана көрнөк-жарнактарды түнкүсүн өчүрүү үчүн, жергиликтүү тургундардын арасында электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, социалдык тармактар аркылуу маалыматтар берилип турат.
Раиса Дүйшөнбекова