Эгемендикке арналган «Китепкана түнү – 2026» маданий кечеси өттү

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Китепкана түнү – 2026» аттуу коомдук-маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашырууга арналды.    Возможно, это изображение помост и текст

«Эгемендик  ыйык мурас, Уңгужол  келечекке багыт» деген ураан алдында уюштурулган маданий кечеде окурмандар жана коноктор үчүн ар кыл мазмундагы программалар тартууланды. Анын алкагында белгилүү инсандар, юристтер жана психологдор менен жолугушуулар, мастер-класстар, көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, адабий сынактар, интеллектуалдык оюндар, шахмат мелдештери, видеокөрсөтүүлөр, концерттик номерлер, кино көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Альберт Зульхарнеев, кыргыз шахмат союзунун өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана китеп сүйүүчүлөр катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и толпа

Маданий кечеге борбор калаанын тургундары, жаштар жана шаар меймандары активдүү катышып, китеп менен маданият айкалышкан өзгөчө чыгармачылык атмосферага күбө болушту.

«Китепкана түнү – 2026» иш-чарасы саат 18:00дө башталып, түнкү саат 24:00гө чейин уланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X