Эгемендиктин 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыкты

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131

Бүгүндөн баштап Улуттук банк “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” аттуу алтын коллекциялык монетаны расмий түрдө жүгүртүүгө чыгарды.

Жаңы монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга умтулган ак илбирс сүрөттөлгөн. Өлкөнүн улуттук символу саналган ак илбирс Кыргызстандын күчүн, эркиндигин жана жаратылыш байлыгын туюнтат. Монетада ошондой эле “Эгемен Кыргыз Республикасы”, “35 жыл” жана “100 сом” деген жазуулар орун алган.img (1)

Арткы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик герби жайгашып, анын айланасы кыргыздын салттуу курак өнөрүнүн элементтерин чагылдырган оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ошондой эле монетанын чыгарылган жылы, Au 999 сапат белгиси жана 7,78 грамм салмагы көрсөтүлгөн.

Улуттук банк белгилегендей, “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” алтын коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X