Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Таласта масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу турак үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, керектүү каржылык каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо жана көрктөндүрүү иштери бекитилген графикке ылайык улантылып жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев шаардагы оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мамлекеттик имараттарды жана жеке менчик көп кабаттуу турак үйлөрдү кыдырып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
Облус башчысы тиешелүү жетекчилерге жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө курулуш жана оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.