«Эгерде ким өз энесин унутса, Анын анда унутканы мекенди»

Бүгүнкү кыргыз поэзиясынын орчундуу ээлеген орду калемгер өзүнүн жеке көйгөйүн сүрөттөөгө айланып кетти. Алмустактан эле акын элдин үнү болуп келген. Анын чыгармачылыгындагы кайгысы жалпы адамзаттын кайгысын чагылдырып турган. Азыр биз поэзия деп атап алган ырлар көбүнчө өзүн-өзү дарылоо, сооротуу багытына ооп баратканы байкалат. «Мен кандаймын?», «Мени ким сүйдү?», «Мени ким таштады?..» Албетте такыр ыр жазылбай калгандан көрө бул да жакшы. Бирок бул адабият эмес, бул – жазмакер тарабынан жазылган күндөлүк. Маселен, Кыргыз элинин “Кыл чокудай” кыраан таланты Турар Кожомбердиев эне темасын ачып берүүдө өзүнүн “Апа” поэмасында «мен» деп баштап, «адам» деп бүтүрөт.

Биз сын көз менен карап келген СССРдин мезгилинде туш тараптан цензура кысып, көзөмөл катуу болгон учурда жазылган Турар Кожомбердиевдин «Апа» поэмасын азыркы учурдун поэзиясы менен салыштыруу объектиси катары карап көрөлү. Аталган поэмада Турар Кожомбердиевдин апасы элден өзгөчөлөнгөн идеал эмес, пафостуу да каарман эмес, “Родина-мать зовёт!” дегендей – эстеликке айланган айкел да эмес, ал ачка, чарчаган, эч нерсеге наалыбай, унчукпай курман болгон, бирок дүйнөнүн моралдык борбору экенин эч ким жокко чыгара албайт. Эң негизгиси, чыгармада апанын образы жаш баланын көзү менен эмес, чоңойгон, өз катачылыгын түшүнгөн, ак-караны айырмалай алган адамдын аң-сезими менен берилет.

Мында апа баланы гана эмес, үйдү, буюмду, турмушту, адамды тирүү кармап турат. Апасы дүйнө салып кеткенде, чыны, чайнек, табак, чара, тулга, эт илинчү бакан… жетим калып, казан түбүнө муз тоңот. Бул кыргыз поэзиясында сейрек кездешкен онтологиялык эне образы. Алыкул Осмоновдун чыгармаларындагы «Эне», «Апаке» мотивдери көбүнчө сагынычтын объектиси, ички жалгыздыктын шериги. Алыкулда эне, руханий тирек, бирок анын чыгармаларында социалдык кырдаал терең ачылбайт. Ал лирикалык, назик балалык интонацияга жакын. Алыкулдун чыгармаларындагы эне – жүрөккө жакын, Турар Кожомбердиевдин апасы – жүрөккө, андан да абийирге жакын. Айырма мына ушунда.

Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында (кошоктордо, жоктоолордо) эне көбүнчө идеалдаштырылып берилет. Турар болсо, кошок жазбайт, окурманды ыйлатууга аракет кылбайт, апасы менен өз абийиринин астында эсептешет. Ал эне темасын моралдык мыйзамга айлантат, ким «энесин унутса – ал адам эмес» деген моралдык жоопкерчилик деңгээлине көтөрүп чыгарат. Албетте бул – фольклордон профессионалдык бийиктикке көтөрүлгөн жеке поэтикалык позиция.

Турар Кожомбердиевдин «Апа» поэмасындагы эненин образы ыйлатуу үчүн же эстөө үчүн эмес, өзүңдү текшерүү үчүн берилген. Чыгармада апа сенин балалыгыңды эмес, сенин адамдык сапатыңды сурайт. Ошондуктан бул поэма эне тууралуу эмес, энеге татыктуу бала болуу жөнүндө чыгарма деп кабыл алуубуз керек. Мында биз, образдын тереңдигине – эне канчалык көп катмарда ачылганына, поэтикалык күчкө – тилге, образга, символго, тагдырдын масштабдуулугуна – жеке эмес, жалпыга өтүшүнө, эмоционалдык таасирдин – ыйлатуу эмес, силкинтүүсүнө, моралдык-философиялык жүктүн – адамга талап коюшуна маани берип, көңүл бурушубуз зарыл.

Эне темасында жазылган поэтикалык чыгармалардын арасынан Турар Кожомбердиевдин – «Апа» поэмасын 1-орунга (биринчи) койсок жаңылышпайбыз. Анткени, бул поэмада автор энени күчкө салып мактабайт, окурманды ыйлатууну да көздөбөйт, автор өзү менен бирге окурманды айыптайт, текшерет, абийир сотуна чакырат. Апа бул жерде мээрим катары эмес, адамдык мыйзам катары сүрөттөлөт.

«… Эгерде ким өз энесин унутса: Анын анда унутканы мекенди…». Кыргыз поэзиясында энени моралдык мыйзам деңгээлине мынчалык көтөрүп чыккан башка чыгарманы мен азырынча окуй элекмин. Чыгармадагы образга, таасирге, философияга там бербей коё албайсың. Бул поэма чокулардын чокусу болгон “кыл чокуда” жалгыз турат. Турар Кожомбердиевдин «Апа» поэмасы кыргыз поэзиясында энеге арналган чыгармалардын арасында эмоция боюнча эмес, көркөм сөз каражатынын байлыгы боюнча да эмес, так ушул – адамдык салмак боюнча биринчи орунда турат. Бул чыгарма окууга эмес, ар бир окурманды өзүнө “отчёт” берүүгө чакырат.

Азыркы чыгармаларда салмак – тарыхый басым өз ордун жоготуп барат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан кийин жаралган «Апа» поэмасындагы ачарчылык, согуш, жетимдик, согуштун кесепетинен жаралган майыптык, мунжулук, өлүм сыяктуу нерселер акынды ички сезим-туюмун кысып, аны турмуш чындыгы катары сүрөттөөгө алып келген. Азыр тарыхты унутта калтырып, биз кимбиз?.. Кайдан келдик?.. деген суроого баш ооруткусу келбей, жокчулук эстетикага, кайгы образга эмес, цитатага айланып баратканы байкалат. Тарыхка назар салып, оордукту сезбеген адамдан салмактуу сөз чыкпайт. Биз ый менен салмакты чаташтырып алдык. Көптөр окурманды ыйлаттым, демек – күчтүү чыгарма жараттым, мына ушул тереңдик деп ойлойт. Жок. Турар Кожомбердиевдей кыл калемгер окурманды ыйлатпайт. Ал окурмандан “отчёт” сурайт, акыл айтпайт, жоопкерчилик коёт. Азыркы поэзия сезимге иштеп, абийирди сейрек эстеп калганын көрүүгө болот.

Соңку учурда акындардын моралдык позициясы да солгундап барат. Турар Кожомбердиевдин эне темасында абийир сотунун өкүмү бар.

«…Эгерде ким өз энесин унутса:

Анын жүзү болуп калсын түкүргүч.

Каалагандар кетип турсун түкүрүп,

Бетин дайым каптап турсун түкүрүк.

Гүл заманда, жамачылуу чапаны…

Эгер кимдер барктабаса апаны…

Ак сакалдуу карыялар наалат деп,

Ага берер тескериче «батаны”.

Эгерде ким унтуп койсо энесин:

Эч ким анын сунган колун албасын,

Ар бир эне «таш моло” деп каргасын,

Арт жагында «туяк” аттуу калбасын.

Эгерде ким өз энесин унутса:

Эч ким анын сөзүнө жооп бербесин,

Эч ким аны чакырбасын конокко,

Ал чакырса, эч ким басып келбесин.

Эгер кимдер энелерин унутса:

Ал урунсун кырсыктардын баарына,

Куйкалансын жек көрүүнүн заарына,

Демек калсын апалардын каарына…»

Учурда өзүн чыгаан акынмын деп эсептегендер да мындай катуу өкүм чыгаруудан коркушат. «Баары салыштырмалуу» деген түшүнүктү сиңирип алышкан. Бирок поэзия эч качан салыштырмалуу болбойт. Ал же бар, же жок болот. Азыркы калемгерлер убакытты эмес, реакцияны жазып калды. Жолон, Турарлар толуктаган муундун акындары ырларды, поэмаларды дарыялардын агымы менен жарышып, кылымдын жүрөгүн тыңшап, түбөлүктүүлүктү максат коюп жазса, азыркы акындар интернет порталдарындагы “Instagram, Facebook, WhatsApp, Telegramдардагы” орунсуз популизмге азгырылып, лайк, (социалдык тармактардагы убактылуу контентке) сторис үчүн жазып калганына баарыбыз күбө болуп келатабыз.

Салмактуу чыгарма шашылбаган сөздө гана жаралат

Ошондуктан соңку мезгилде Жолон, Турар, Табылды, Беганас, Курбаналы, Омор, Анатайлар… сыяктуу жаркын таланттардын карааны көрүнбөйт. Эгерде интернет порталдардагы жазмакерлер бири-бирин мактап жатканы чын болсо, анда биздин адабиятта укмуштай өнүгүү болмок. Азыр таш ыргытсаң “наамы бар, даамы жок” акын-жазуучулардын башына тиет.

Салмактуу чыгарма шашылбаган сөздө гана жаралат. Турар Кожомбердиев чыгармаларындагы сөздөрдү баба дыйкандай үрөнүн сээп, аздектеп өстүрүп, отоо чөптөрдөн тазалап, бант бергенче саргайтып бышырып, буруксуган жагымдуу жытын жыттап, бал татыган даамын даамдап көрүп анан жазган. Азыркы жазмакерлердин сөздөрү “целлофан” баштыктай бир ирет пайдаланылып, анан дароо унутулуп, ар жерде шамалга сапырылып учуп жүрөт. Чындыкты айтпай койсок адилетсиздик болуп калат. Ооба, азыр да мыкты таланттар бар. Бирок катуу айтуудан, өкүм чыгаруудан, өзүнө жоопкерчиликти алуудан коркушат. Ал эми салмактуу чыгарма коркпогон, акыйкат айтылган автордун сөзүнөн гана жаралат. Ошондуктан калемгерлер элге жагууну эмес, өзүнө жооп берүүнү тандашы керек. Поэзия окурманды ыйлатпай, ойготушу шарт.

Эгерде Турар Кожомбердиев тирүү болуп “Апа” поэмасын бүгүн жазса, ал поэма азыр – коомдук талаш-тартышка айланып, талкуу жаратмак. Анткени ал өтө чындыкты өтө катуу айткан, өтө таланттуу акын. Дал ушундай сөз азыркы поэзияда жетишпей жатат. Турар Кожомбердиевдердин муунунун поэзиясында салмак үч булактан келип чыккан: Биринчиси, тагдырдын басымы. Ачарчылык, согуш, жетимдик, жокчулук – бул темалар кооздоп, ойдон чыгарылып жазылган эмес, автор аны өзү жашап жазган. Турар Кожомбердиев апасын эстеп отуруп жазган жок – апасынан ажырап жазды. Чыгарманын салмагы мына ушундан жаралган. Экинчиси, акындын моралдык позициясы. «Апа» поэмасында акын суранбайт, жалынбайт, өкүм чыгарат.

«…Эгерде ким өз энесин унутса,

—Анын анда унутканы мекенди…» Бул сап – эстетика эмес, адамдык жоопкерчиликтин чеги. Үчүнчүсү, поэзиянын элдик милдети. Турардын поэзиясы жеке адам үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн жазылган. Акын элге көңүл айтуучу эмес, “отчёт” алуучу болгон.

Дагы айтам, бүгүн ырлар түбөлүктүү темалардан алыстап, жазмакер жазган күндөлүккө айланды. Азыр жазмакерлер көбүнчө жеке сезимдин агымын, ички абалын жайгаруучу терапияны жазып калды. Бул да жоктон көрө жогору. Бирок адабият жазмакердин ички абалын дарылоочу терапия эмес да. Бүгүнкү поэзияда (эгер аны поэзия деп түшүнсөк) тарыхый салмак көрүнбөй калды. Ырларда кайгы бар, бирок кайгынын келип чыгуу себеби жок. Оор турмушту башынан кечирбеген акын аны символго айланта албаганы көрүнүп турат. Ый менен тереңдик чаташып кетти. Ырдын таасиринен келип чыккан ый – эффект. Ал эми салмак – таасир. Азыркы тексттер ыйлатат, бирок эч нерсени, эч кимди өзгөртпөйт. Таасири жок.

Бүгүн кыргыз поэзиясында салмак жоголгон жок. Ал убактылуу көрүнбөй калды. Турар Кожомбердиевдин «Апа» поэмасы ошол унчукпай калган салмактын тирүү далили. Маселе поэзияда эмес. Маселе акын өзүнө канчалык катуу талап коё алганында. Акын үчүн энени ырдоо абдан оор миссия экенин, сөздүн тазалыгын, поэзияга болгон этикалык талапты Турар Кожомбердиев мындай көрсөтөт:

«…Кымындай да кынтыктуу сөз кирбесин,

Жыттап көрөм, тийгиземин тилимди…» Бул – апа жөнүндө жазылчу чыгарманын сөзүнө ыйыктардын ыйыгына мамиле жасагандай этияттыкты көрсөтүп турат. Мында апа темасы – ар ким ырдай берчү тема эмес, сөз жүрөктөн иргелип тазаланмайын айтылбашы керек деген улуу ой жатат. Эне темасын жазуу оңой. Энеге татыктуу бала болууну жазуу абдан оор. Дал ошол оордук бүгүн кыргыз поэзиясына кайтып келиши керек. Анүчүн биздин жазмакерлер өз көлмөсүндө чардаган бака эмес, жигиттик, инсандык намысы бийик – Турар Кожомбердиевдей төрт тарабы төп келген, таланттуу, баатыр акын болуусу зарыл!

Бахпурбек Аленов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X