Эки акча алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды
Улуттук банк Бишкек шаарындагы эки акча алмашуу бюросуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салды.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн ар бир алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга (К.К.Т.) 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.