Эки окуучу каза болду: Жалал-Абадда мектептердеги коопсуздук күчөтүлөт
Кечээ, 21-сентябрда Жалал-Абад облусунда мектептердеги балдардын коопсуздугу боюнча координациялык кеңешме өттү. Жыйынды президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев өткөрдү.
Кеңешмеде жаңы окуу жылы башталгандан бери Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын ур-токмокко алынышынын кесепетинен каза болгон эки факты талкууланды.
Текебаев окуялардын себептерин талдап, алдын алуу иштерине баа берүүнү жана балдардын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу кызматкерлердин ишин кароону тапшырды.
Бардык мектептердеги коопсуздук абалын кайра текшерип, зордук-зомбулук менен буллингдин алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин койду. Ошондой эле психологдордун, социалдык педагогдордун жана жашы жете электер менен иштеген инспекторлордун ишин күчөтүүнүү тапшырды.