Эки өлкөнүн транспорт министрлери «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушун жеринен текшерди
Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт тармагындагы маанилүү долбоорлорунун бири болгон «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу жаңы баскычта уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов Кыргызстандын аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Министрлер долбоордун негизги объектилерин тоннелдерди, көпүрөлөрдү жана ири инженердик курулуштарды көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин сапатын, учурдагы абалын жана кийинки этаптарын талкуулашты.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү белгилегендей, бул темир жол долбоору аймактагы транспорттук байланыштарды кеңейтип, Кыргызстанды эл аралык жүк ташуу багытындагы маанилүү түйүндөрдүн бирине айландырууга багытталган.