UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстандын Гран-приси өткөн аймакта суунун сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Экологдор жарыш башталганга чейин жана аяктагандан кийин көлдөн суу үлгүлөрүн алып, борбордук лабораторияга текшерүүгө жөнөтүп жатышат.
Адистердин маалыматына караганда, учурда Ысык-Көлдөгү суунун сапаты талапка жооп берүүдө. Эгерде көлгө күйүүчү май же башка зыяндуу заттар түшсө, бул лабораториялык анализдер аркылуу дароо аныкталат.
Ошондой эле жарыш өткөн аймакта балыктардын кырылганы же жаратылышка олуттуу зыян келгени катталган эмес. Буга чейин суу транспорту балыктарды чочутушу мүмкүн деген пикирлер айтылганы менен, учурда көлдөгү экологиялык абал туруктуу экени белгиленди.
Лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы даяр болгондо коомчулукка жарыяланат.