Экологдор Таластагы суурлардын санын тактады

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы аймактагы жаныбарлардын санын аныктоо боюнча эсепке алуу иштерин жүргүздү.

Адистер Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында, Бакай-Ата районундагы Үйүрмарал өзөнүндө, ошондой эле Айтматов районунун Кара-Буура жана Шилби өзөндөрүндө суурлардын жана ондатрлардын санын эсептешти.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аталган аймактарда жалпысынан 29 миң 367 суур катталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай иштер аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш ресурстарынын абалын көзөмөлдөө жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X