Экология министрлигине жаңы биринчи орун басар дайындалды

4-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Жеңиш Сейдалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы орун басарды министр Акыл Токтобаев эмгек жамаатына тааныштырды.

Тааныштыруу аземине министрдин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

4-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X