Экология үчүн маанилүү кадам. Пластик баштыктар жүгүртүүдөн чыгарылат

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 139

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги пластик калдыктарын азайтуу боюнча иш-чараларды күчөтүүдө. Бул багытта айрым пластик буюмдардын жана полимердик пленкадан жасалган баштыктардын жүгүртүүсүн этап-этабы менен чектөө уланууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, пластик калдыктары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. Адистердин айтымында, пластиктин айрым түрлөрү жаратылышта 400–700 жыл, ал эми полиэтилен баштыктар 100–200 жыл аралыгында гана чирийт.

Белгилей кетсек, 2023-жылдан тартып Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айрым пластик буюмдарды жана полимердик баштыктарды колдонууга мыйзамдык чектөөлөр киргизилген.

Ал эми 2027-жылдан тарта Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган баштыктарды жана айрым пластик буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.

Учурда министрлик өндүрүүчүлөрдү, импорттоочуларды жана ишкерлерди экологиялык жактан коопсуз альтернативдүү таңгактарга өтүүгө даярдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X