Экологиялык талаптарды бузган Чоң-Алай айыл өкмөтүнө айып салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Чоң-Алай айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Эшме тилкесинде таштандылар белгиленбеген жерге төгүлгөнү аныкталып, айыл өкмөтүнө 17 миң сом административдик айып салынды.
Мындан тышкары, айыл өкмөтүнө тиешелүү кызматтык унаалардын зыяндуу газ бөлүп чыгаруусу да текшерилди. Жыйынтыгында бир кызматтык унаадан абаны ченемден ашык булгаган уулуу газ аныкталып, бул үчүн дагы 23 миң сом административдик айып салынды.