Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында коррупциянын алдын алуу чаралары талкууланды

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 195

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу, коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы өз ишмердүүлүгүндө коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата нөлдүк сабырдуулук принцибин карманарын дагы бир жолу белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууда ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана коом алдындагы жоопкерчиликти камсыз кылуу кызматтын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экени айтылды.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Жыйындын алкагында ИИМ өкүлдөрү коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары тууралуу кеңири маалымат берип, пара алуу жана берүү үчүн каралган жоопкерчилик чараларын түшүндүрүштү. Мындан тышкары, кызматтык тартипти сактоо, кызматтык ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Возможно, это изображение текст "ЭКОТЕХ КЫЗНАТЫ HO3ON"

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш ар бир мамлекеттик кызматчынын жеке жоопкерчилигинен башталарын белгилеп, мындан ары да мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана таза мамлекеттик кызмат принциптерин бекем сактоо менен профилактикалык иштерди системалуу негизде улантарын билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X