Экономика министрлиги менен ПРООН кызматташуунун жаңы багыттарын аныкташты

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Россия–ПРООН Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү кызматташуунун учурдагы жыйынтыктарын талкуулап, келечектеги артыкчылыктуу багыттарды белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык өнүгүү, аймактарды мастер-пландоо жана региондорго инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата өсүштүн таяныч чекиттерин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

Кызматташуунун алкагында ПРООН бир катар аймактар үчүн пилоттук мастер-пландарды иштеп чыгууга эксперттик колдоо көрсөтүүдө. Аталган долбоорлордун катарында Кант шаары да бар. Мындан тышкары, Өзгөн шаарында инвестициялык жана аймактык пландоонун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча иштер улантылып жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкө региондорунун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган биргелешкен долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X