Экономика жана коммерция министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мыйзамдуулук, ачыктык, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине негизделген коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда.

Министрлик коррупцияга карата нөлдүк сабырдуулук принцибин карманып, анын алдын алууга багытталган комплекстүү чараларды көрүүдө. Ак ниеттүүлүк маданиятын калыптандыруу, ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылуу жана коррупцияга каршы стандарттарды сактоо мамлекеттик органдын натыйжалуу иштешинин жана коомдун ишенимин чыңдоонун маанилүү шарттары болуп саналат.

Эгер сизге коррупциялык укук бузуулар же коррупцияга каршы мыйзамдардын башка талаптарынын бузулушу жөнүндө маалымат белгилүү болсо, төмөнкү ишеним телефону аркылуу билдире аласыз:

ишеним телефону: (0312) 62-05-35 (кошумча: 5067)

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X