Экономикабыздын ишенимдүү тирегине айланган Кумтөр

18-август, 2026-ж. / Редакция / Экономика 208

Кыргызстандын эң ири өнөр жай ишканаларынын бири болгон “Кумтөр Голд Компани” өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө барган сайын олуттуу салым кошууну улантууда. Компаниянын 2026-жылдын алгачкы алты айындагы өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрү анын туруктуу өнүгүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

2026-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында “Кумтөр Голд Компани” Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 миллиард сом которду. Бул каражат мамлекеттин социалдык жана экономикалык программаларын ишке ашырууда эң маанилүү ролду ойноду.

Ошол эле мезгилде компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеси 732 миллион 725 миң АКШ долларын түзүп, таза пайдасы 418 миллион 937 миң АКШ долларына жетти. Мындан тышкары, компаниянын жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна 300 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөндү.

Пайда 5 млрд АКШ долларына жетти

Кумтөр толук кандуу мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин жыл сайын миллиарддаган пайда келтирүүдө. Тактап айтканда, 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилде компания өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө эле 1 миллиард 233 миллион 216 миң АКШ долларын которду. Ушул эле мезгил аралыгында компаниянын жалпы кирешеси 4 миллиард 991 миллион 956 миң АКШ долларын түзсө, таза пайдасы 2 миллиард 196 миллион 678 миң АКШ долларына жетти. Ал эми «Кыргызалтынга» которулган дивиденддин өлчөмү 741 миллион 298 миң АКШ долларын түздү. Эми салыштырып, эсептеп көрүңүз, Кумтөр иштеп баштагандан мамлекетке өткөнгө чейинки дээрлик 30 жылдык убакыт ичинде болгону 101 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд которгон.

Бул көрсөткүчтөр Кумтөрдүн мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыздоодо, бюджеттик кирешелерди көбөйтүүдө жана өлкө бакубатчылыгын арттырууда негизги роль ойноп жатканын ачык көрсөтүүдө.

Аймактардын өнүгүүсүнө көрүлгөн камкордук

Кумтөрдүн ишмердүүлүгү мамлекеттин казынасын толтуруу менен гана чектелбестен, аймактарды өнүктүрүүгө да багытталган. 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейин компания Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өнүктүрүү фонддоруна жалпысынан 76 миллион 303 миң АКШ долларын которду. Анын ичинен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 49 миллион 370 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Бул каражаттардын 40 миллион 100 миң доллары 2022–2025-жылдары, ал эми 9 миллион 270 миң доллары 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында которулган.

Ал эми Нарын облусунун өнүгүүсүнө багытталган «Теңир-Тоо» фондуна 26 миллион 932 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Анын 21 миллион 370 миң доллары 2022–2025-жылдары, 5 миллион 562 миң доллары болсо 2026-жылдын алгачкы алты айында которулган.

Бул каражаттар аймактарда мектептерди, ипотекалык үйлөрдү, бала бакчаларды, жолдорду, суу жана социалдык

инфраструктуралык объектилерди курууга жана жаңылоого жумшалып, миңдеген жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө.

Ишенимдүү келечекке карай…

Учурда Кумтөр өлкөнүн өнөр жай тармагындагы флагмандык ишкана гана эмес, Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун камсыздаган стратегиялык объект болуп

саналат. Компания мамлекетке миллиарддаган каражаттарды алып келип, аймактарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыздап келет.

Акыркы 4, 5 жылдагы жыйынтыктар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана компаниянын туруктуу өнүгүү жолунда баратканын көрсөттү. Өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн өсүшү, бюджетке түшкөн ири төлөмдөр жана аймактарды колдоого багытталган инвестициялар Кумтөрдүн келечекке болгон ишенимдүү багытын айгинелеп турат.

Кумтөрдүн Кыргызстанга кайтарылышы чынында соңку тарыхыбыздагы абдан маанилүү, стратегиялык зор жеңишибиз деп так кесе айта алабыз. Президент Садыр Жапаровдун мындан ондогон жылдар мурун «Кумтөрдү мамлекетке кайтаралы, өзүбүз иштетели» деген чакырыгы жок дегенде 10 жыл мурун ишке ашып калганда, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү бүгүн таптакыр башкача нукта кетмек. Бирок, «эч болгуча кеч болсун» демекчи,

Садыр Жапаров Кумтөрдү акыркы 4-5 жылдан бери эл кызыкчылыгы үчүн иштетүүдө.

Калыгул Бейшекеев

18-август, 2026-ж. / Редакция / Экономика 208
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X