Экономикалык өсүш 10%дан ашты
Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталып жатат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция (ИДП) 10,1 пайызга өскөн.
Козубеков белгилегендей, экономикалык өсүш бардык негизги тармактарда байкалууда. Айрыкча ички суроо-талаптын жогорулашы жана калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү экономиканын динамикасын колдоодо.
“Экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын жогорулугу жана калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшү менен колдоого алынууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын эки айында реалдуу эмгек акы 5,6 пайызга өстү”, — деди ал.