"Эркин-Тоо"

ЭКС ДЕПУТАТ ЖУСУПБЕК КОРГОНБАЙ УУЛУ АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Экс — депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин 3-апрелде болуп өткөн сессиясында Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турган кезде миллиондогон долларлык мүлк чогултканын, саламаттык сактоо тармагында коррупциялык схемаларды түзүп, кадр саясатында башаламандыкты жаратканы жөнүндө билдирүү жасаган эле. Ал ар бир сөзүнө документалдык фактылар, так далилдер жана күбөлөр бар экенин айткан. Парламенттин трибунасында узак убакыт сүйлөгөн Жусупбек Коргонбай уулу, сот системасы менен медицина тармагында таасирдүү адамдардын катышуусунда соттук, медициналык мафия иштеп жатканын жарыя кылган.

Анын маалыматында: “Министр Алымкадыр Бейшеналиев бюджеттик каражаттарды жеке кызыкчылыгына пайдаланып, жалпысынан 50 млн долларга чейин бюджеттен уурдалган акча каражаты боюнча так маалымат бар,” деп билдирүү жасаган. Экс депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министрге карата Жогорку Кеңештин трибунасынан расмий таккан айыптары олуттуу болгондуктан, маселени кылдат териштирүү үчүн ЖКда депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалалидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсара Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов жана Нилуфар Алимжанова киргени маалым болгон.

Бирок 4-апрелде болуп өткөн Жогорку Кеңештин сессиясында ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулу 3-апрелде ЖКда түзүлгөн депутаттык комиссияга төрага болуп бекитилгенин, бирок коомчулук социалдык тармактарда комиссия мүчөлөрү жалаң республиканын түштүк аймагынан куралганы туура эмес экенин айтып чыккандыгын, анан да келишпестик кызыкчылыгы болуп калбасын деп комиссиянын төрагалыгынан өз каалоосу менен баш тартканын билдирип ЖК төрагасына кайрылды. ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев Жусупбек Коргонбай уулунун кайрылуусун эске алып, 3-апрелде түзүлгөн комиссия таратылып, кайрадан жаңы комиссиянын курамын түзүп чыгууну добушка коюп, сунуш 66 добуш менен колдоо таап, 3-апрелде түзүлгөн депутаттык комиссия таратылып, жаңыдан түзүлө турган болгон эле. Азырынча ал комиссиядан эмнегедир кабар жок. Жусупбек Коргонбай уулу арадан 20 күн өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча өз арызын жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону жалпы коомчулукка дайын болгон.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бул ишти 31-майда карап чыгып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулун Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу айткандарын расмий төгүндөөгө милдеттендиргени маалым болду. Бул тууралуу министрдин адвокаты Кайсын Абакиров ЖМКларга билдирген. Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, экс-депутат министрге моралдык чыгым катары 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын төлөп берүүсү шарт.

Коргонбай уулу бул иш боюнча кийинки инстанцияга кайрылабы же жокпу азырынча белгисиз. Ал соттун чечимине комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда депутат менен министрдин ортосундагы каралоолор боюнча комментарий берип, “Министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартылат, эгерде депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал да мыйзам чегинде тийиштүү жазасын алат,” — деген эле. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими боюнча, экс депутат Жусупбек Коргонбай уулу күнөөлүү деп табылган.

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

№42 «Эркин-Тоо» гезити 

2024-жылдын 4-июну

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!