Эксперт кыргыз компанияларынын АКШ биржаларына чыгуу мүмкүнчүлүгүн айтты

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Экономика 97

Кыргызстандык компаниялар келечекте ири эл аралык фондулук биржаларга акцияларын жайгаштыра алышат. Бул тууралуу көз карандысыз каржы эксперти Медетбек Назаралиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын эл аралык капитал рыногуна чыгышындагы алгачкы кадамдардын бири еврооблигацияларды жайгаштыруу болду. Бул тажрыйбаны кийин кыргызстандык банктар да колдоно баштаган.

Эксперт «Элдик Банктын» 500 млн долларлык еврооблигацияларды жайгаштырганын мисал келтирди. Келечекте жеке компаниялардын да эл аралык акциялар рыногуна чыгышы мүмкүн экенин белгиледи.

Назаралиевдин айтымында, Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө акциялары америкалык биржаларда сатылып жаткан компаниялар бар. Кыргызстан үчүн мындай мүмкүнчүлүк чет элдик инвесторлордон узак мөөнөттүү капитал тартууга жол ачат.

Банк союзунун президенти Анвар Абдраев да фондулук рынокту өнүктүрүү бизнес үчүн каржылоонун жаңы булагын түзөрүн белгиледи.

Эксперттердин айтымында, эл аралык рынокко чыгуу үчүн компаниялар ачыктыгын жогорулатып, корпоративдик башкарууну жакшыртып, чет элдик инвесторлордун талаптарына жооп бериши керек.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Экономика 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X