Экспертизадан өтүү жөнөкөйлөштү
Республикада 218 миңден ашык майыптыгы бар адам бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптуулугу бар жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизадан (МСЭК) өтүү жеңилдетилгенин билдирди.
Анткени, буга багытталган атайын №185 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтом 8-апрелде кабыл алынган. Тагыраагы, Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча МСЭКти масштабдуу реформалоо башталып, ал 3 багыт боюнча ишке ашырылууда.
Ага маалымат алмашууну автоматташтыруу, майыптыктын электрондук реестрин түзүү, документтерди кайталап берүүдөн баш тартуу өңдүү жеңилдиктер камтылган. Бул иштер министрликтин алдында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан жүргүзүлүүдө.
Экспертизадан өтүү тартиби жөнөкөйлөшүп, бардык документтик процедуралар “Түндүк” системасы аркылуу электрондук форматта ишке ашырылууда. Мындан ары майыптуулук менен төрөлгөндөргө кайра күбөлөндүрүүнүн кереги жок. Мурда жарандар майыптуулугуна жараша белгилүү мөөнөттө МСЭКтен атайын комиссиядан өтүү зарылдыгы бар болчу. Ошондой эле 18 жашка чейинки (медициналык) жол менен жуккан ВИЧ-позитивдүү балдар үчүн жеңилдик киргизилди. Ал эми даун, аутизм синдрому менен жабыркагандар эл аралык стандарттарга ылайык “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам” дегендин ордуна “майыптыгы бар адам” терминин колдонуу мыйзам менен бекитилүүдө.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы