Эксперттер мунай баасы боюнча божомолдорун айтышты
Мунай котировкалары учурдагы эле деңгээлинде калат. Ага дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана ядролук келишимге кайтып келүү боюнча АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы гана таасир этет дешет эксперттер.
Алардын айтымында жакынкы аралыкта Brent маркасындагы мунайдын баррель баасы 63-68 доллардын деңгээлинде сакталат.